Чүй облусунун казысы баш имамдарга жыйын өтүп, шайлоонун үгүт иштерине аралашпай, жыл башында коюлган пландарды аткарууну милдеттендирди

Чүй облусунун Сокулук районунун Военно-Антоновка айылындагы «Хадижа» мечитинде облус казысы Руслан ажы Жумагуловдун жетекчилиги алдында райондун баш имам хатибтерине жыйын өтүп, анда акыркы 8 айдын отчёттору кабыл алынды. Муну менен катар облустагы диний кырдаал талкууланып, жума намазына болгон даярдык маселесине басым жасалды.

Ошондой эле облус казысы шайлоо жакындап келе жаткандыгына байланыштуу дин кызматкерлери үгүт иштеринен алыс болуусу керектигин эскертип, мечиттердин тазалыгы, ишембиликтерди өткөрүү, мечиттердин каттоосун тездетүү жаатындагы иш алып барууга чакырды.

«Жылдын башында кабыл алган пландарды ишке ашыруу максатында бардык аракеттерди күчөтөбүз. Бирок, мамлекетибизде санитардык-эпидемиологиялык абалга байланыштуу санитардык талаптарды так аткаруу жана аны көзөмөлдөөнү баш имам хатибдерге тапшырма бердик. Жума намазынан кийин ар бир райондон отчёт алабыз», — деди Чүй казысынын орун басары Жоомарт ажы Абдырахманов.