Азирети Муфтий Түркиянын Кыргызстандагы Элчисинин жаңы дайындалган дин иштери боюнча кеңешчиси Мүрсел Өзтүрк мырза менен жолугушту

Бүгүн, 27-августта Кыргызстан  Мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушев Түркия Республикасынын Кыргызстандагы Элчисинин Дин иштери боюнча кеңешчиси  Мүрсел Өзтүрк мырза менен жолугушуп, эки тараптуу кызматташтык, Түркия Диянет (Дин) Башкармалыгы менен Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгын алакаларын мындан дагы бекемдөө, достук алакаларды чыңдоо жаатында пикир алышты.

Жолугушууда Азирети Муфтий кереметтүү кыргыз жерине алгачкы ирээт келип жаткан Мүрсел Өзтүрк мырзанын ишине ийгилик каалап, Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгы кызматташууга ар дайым даяр экендигин билдирди.

«Жараткан Алла Таалама шүгүр, эки бир тууган өлкөнүн достук алакалары бекемделип келүүдө. Муфтият дагы Түркия Диянет (Дин) Башкармалыгы менен абдан тыгыз иштешип келет. Сиздин мындан аркы ишиңизге ийгилик каалайбыз»,-деди Азирети Муфтий.

Ал эми Мүрсел Өзтүрк мырза Түркия Диянет (Дин) Башкармалыгы менен эң жакшы иш алып барган Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгы экендигин айтып, буга чейинки иштерди улантып кетээрин жана Муфтият менен тыгыз алакада иш алып бара тургандыгын билдирди.