«Айша» мечитинде «Коронавирус менен бирге күрөшөбүз!» деген ураан алдында 120 муктаж үй-бүлөгө жардам баштыкчалары таратылды

Бүгүн, 27- августта Бишкек казыятына караштуу «Айша» мечитинде Мансурхан ажы Нарматовдун демилгеси менен «Коронавирус менен бирге күрөшөбүз!» деген ураан  алдында 120 муктаж үй-бүлөгө  жардам таркатылды.

«Жараткан Алла Тааланын жардамы менен коронавирус оорусун биргеликте жеңебиз. Ал үчүн бири бирибизге колдон келген жардамды аябайлы. Элибиз моралдык жана  материалдык жактан да колдоого муктаж болуп турат. Мындай мезгилде четте карап турбастан «Ас- санабил» фондунун жардамы аркасында 120 муктаж үй-бүлө  жардам баштыкчаларын тараттык«, -деди Мансурхан ажы Нарматов.