Аалымдар Кеңеши каср намазы жана анын аралыгы (масаафаи сафар) жөнүндө фатва чыгарды

Фатва толугу менен берилет

Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин VI чакырылышынын 14 протоколдук чукул жыйынынын чечиминин негизинде чыгарылган  

Каср намазы жана анын аралыгы (масаафаи сафар) жөнүндө фатвасы

№ 10  ФАТВА

الحمد لله رب العالمين، والصلاة والسلام على رسول الله صلى الله عليه وسلم، وعلى آله وصحبه أجمعين. أما بعد

Алла Таалага чексиз алкыш-мактоолор болсун, Пайгамбарыбызга салават жана саламдар болсун.

Баарыбызга маалым болгондой эле намаз бул Ислам дининин бир түркүгү болуп саналат. Бул ибадат башка ибадаттарга салыштырмалуу өзгөчө олуттуулукка ээ. Анткени ал Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) Меражга чыккан кезде фарз болгон. Адам баласынын абалы ар дайым эле бирдей боло бербегендиктен ал абалдарга жараша мусулмандын ибадат кылуусу өзгөрүп турат, мына ошонун бири катары адам сапарга чыкканда анын бутундагы маасысына тарткан масхынын мөөнөтүнөн баштап төрт ирекеттүү намаздар эки ирекетке кыскарганын айтса болот. Ой жүгүртүү ар кимде ар кандай болгондуктан, ааламга аты кеткен аалымдар болушса да төрт мазхап пайда болуп, бир топ фикхий маселелерде ар мазхаптын айткан сөзү ар кандай болгон. Ошондой эле сапарга чыккан адамдан баскан аралыгы канча чакырым болгондо ал шарияттагы сапар болуп саналары да бирдей эмес. Төмөндө козголчу сөз да ушул жөнүндө болмокчу.

Биринчи бап: Сапарга чыккан кезде намаздын кыскаруусунун шарияттуулугу. Курандан далил. Алла Таала Курани Каримде:

فَلَيْسَ عَلَيْكُمْ جُنَاحٌ أَنْ تَقْصُرُوا مِنَ الصَّلَاةِ إِنْ خِفْتُمْ أَنْ يَفْتِنَكُمُ الَّذِينَ كَفَرُوا... ﴿١٠١﴾

«Силер жолдо болгон учуруңарда эгер каапырлардын жамандык жеткирүүсүнөн корксоңор, анда намазды кыскартып окуп койсоңор, күнөө болбойт…»…» — деп буюрган (Ниса сүрөсү, 101-аят).

Алла Таала бул аят менен сапарда намазды каср кылып (кыскартып), төрт ирекеттүү намаздарды эки ирекет кылып окууну шариятка өкүм катары киргизген. Себеби сапардын өзүнө жараша кыйынчылык-машакаттары болот. Сапардагы кыйынчылык-машкаттарды жеңилдетүү үчүн Алла Таала момун мусулмандарга ырайымдуулук кылып, төрт ирекеттүү намаздардын жарымын кыскартып, жеңилдик берген. Бул Алла Тааланын дини Исламдын жеңилдиктин дини экендигин, ошону менен бирге намаздын канчалык олуттуу ибадат экенин да айгинелеп турат.

Сүннөттөн далил:

عَنْ يَعْلَى بْنِ أُمَيَّةَ، قَالَ: سَأَلْتُ عُمَرَ بْنَ الْخَطَّابِ قُلْتُ: ﴿فَلَيْسَ عَلَيْكُمْ جُنَاحٌ أَنْ تَقْصُرُوا مِنَ الصَّلَاةِ إِنْ خِفْتُمْ أَنْ يَفْتِنَكُمُ الَّذِينَ كَفَرُوا. ﴾ [النساء: ١٠١] وَقَدْ أَمِنَ النَّاسُ؟ فَقَالَ: عَجِبْتُ مِمَّا عَجِبْتَ مِنْهُ، فَسَأَلْتُ رَسُولَ اللَّهِ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ عَنْ ذَلِكَ، فَقَالَ: « صَدَقَةٌ تَصَدَّقَ اللَّهُ بِهَا عَلَيْكُمْ، فَاقْبَلُوا صَدَقَتَهُ رواه مسلم

Яьла бин Умаядан (разияллоху анху) риваят: Умар ибн Хаттабдан (разияллоху анху) «Силер жолдо болгон учуруңарда эгер каапырлардын жамандык жеткирүүсүнөн корксоңор, анда намазды кыскартып окуп койсоңор, күнөө болбойт…» деген аят жөнүндө сурадым. Адамдар эми (каапырлардын жамандыгынан) аманчылыкта (болсо деле эмнеге дагы каср окуп жүрөбүз)? Ал айтты: Мен да сага окшоп таң калып Пайгамбарыбыздан (саллаллааху алайхи ва саллам) сураганымда минтип айтты: «Бул Алланын силерге берген садагасы. Анын садагасын кабыл кылгыла». (Имам Муслимдин риваяты).

Андыктан ханафий мазхабында Алла Тааланын пенделерге берген садакасын кайтарбай кабыл кылуу максатында сапарда төрт ирекеттүү намаздарды кыскартып эки ирекет кылып окуу фарз өкүмүндө. Мусапыр адам билип туруп каср окулушу керек болгон намазды төрт ирекет кылып, толук окуса күнөөкөр болот.

Экинчи бап: Шарияттык сапар деп кайсы сапарды айтабыз?

Намаздарды каср окуу үчүн жолоочунун үч күн, үч түндүк жолду максат кылып, сапарга чыгуусу керек. Сапар үч күн, үч түндүк болгондо белгилүү жеңилдиктер берилүүсүнө далил:

عَنْ خُزَيْمَةَ بْنِ ثَابتٍ رَضِي اللهُ عَنْهُ، عَنِ النَّبِيِّ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ قَالَ: الْمَسْحُ عَلَى الْخُفَّيْنِ لِلْمُسَافِرِ ثلَاثَةٌ، وَلِلْمُقِيمِ يَوْمٌ وَلَيْلَةٌ. رَوَاهُ أَبُو دَاوُدَ وَالتِّرْمِذِيُّ

Хузайма ибн Сабиттен (разияллоху анху) риваят: «Набий (саллалааху алайхи ва саллам): «Маасыга масх тартуу сапардагы адамга үч күн (жана үч түн), мукиймге (жолоочу эмеске) бир күн жана бир түн» — деди». Имам Абу Давуд жана Имам Термизийдин риваяты.

عَنْ عَبْدِ اللَّهِ بْنِ عُمَرَ رَضِي اللهُ عَنْهُ، عَنِ النَّبِيِّ صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ ، قَالَ : لَا يَحِلُّ لِامْرَأَةٍ ، تُؤْمِنُ بِاللَّهِ وَالْيَوْمِ الْآخِرِ ، تُسَافِرُ مَسِيرَةَ ثَلَاثِ لَيَالٍ ، إِلَّا وَمَعَهَا ذُو مَحْرَمٍ رواه مسلم

Абдулла ибн Умардан (разияллоху анху) риваят: «Пайгамбарыбыз (саллаллааху алайхи ва саллам): «Алла Таалага жана акырет күнүнө ыйман келтирген аял үчүн махрамсыз үч кече, үч күндүздүк сапарга чыгуусу адал эмес» — деп айтты». Имам Муслимдин риваяты.

Мына ушул хадистерден үч күндүк сапарга ниет кылбаган адам шаръий маанидеги мусапыр боло албастыгы келип чыгат.

Жолоочу белгиленген аралыкты (3 күн, 3 түн) максат кылбастан жол жүрсө, бул шаръий өкүмдөргө тийиштүү сапар деп эсептелинбейт. Маселен, бирөө качып кеткен жылкысын издеп же кармоо максатында жолго чыкса, бирок бир нече күн (үч күндөн көп болсо да) анын артынан кубалап жүрсө да намазын толук окуйт.

«Үч күндүк аралыкты (масафа)» басып өтүү маселесинде “муътадил журт” деген түшүнүк бар. “Муътадил журт” – кайсы бир аймактагы күндүзгү убакыттын орточосу дегенди билдирет. Муътадил журт дегенде күндүзү өтө кыска же өтө узун боло турган аймактар эмес, орточо болуучу аймактардын күндүзгү убактысы негиз алынат. Башкача айтканда, биздин өлкөдө күн жана түн теңешкен мезгилдеги күндөр негиз алынат. (Раддул мухтар. 4-том 419 бет).

Кээ бир китептерде “таң жүргөндөн баштап түш оогонго чейин жол жүрүү эсепке алынат” — деп айтылса, кээ бир китептерде “таң жүргөндөн асрга чейин жүрүү эсепке алынат” — деп да айтылган.

(بل إلى الزوال) فإن الزوال أكثر النهار الشرعي الذي هو من الفجر إلى الغروب، وهو نصف النهار الفلكي الذي هو من الطلوع إلى الغروب، ثم إن من الفجر إلى الزوال في أقصر أيام السنة في مصر و ما سواها في العرض سبع ساعات إلا ربعا، فمجموع الثلاثة أيام عشرون ساعة و ربع، و يختلف بحسب اختلاف البلدان في العرض ح. رد المختار، المجلد الثاني صفحة ٦٠٢

(Завалга чейин) Анткени завал (түш оогон учур) таң жүргөндөн баштап күн батканга чейин созулган шарият күндүзүнүн көбүрөөк бөлүгү болуп саналат. Ошондой эле күн чыккандан баштап батканга чейин созулган (фалакий) күндүздүн тең жарымы болот. Миср (Египет) өлкөсүндө жана анын горизанталдык координатына туш болгон аймактарда жылдын эң кыска күндөрү завалга чейинки убакыт алты саат кырк беш минутту камтыйт. Ошондо үч күндүгү 20 саат 15 минут болот. Мындай эсеп горизонталдык координаттын өзгөрүүсү менен башка аймактарда түрдүүчө боло берет. (Роддул мухтар, 2-том, 602-бет).

Аалымдар бул маселеде ар бир аймак өзүнүн климатына карайт деп айтышкан. Маселен ысык өлкөлөрдө түш оогонго чейин жол жүрүүгө болот. Себеби андай өлкөлөрдө түштөн кийин күн абдан катуу ысып кеткендиктен сапарды улантуу мүмкүн болбой калат. Ал эми биз жашаган аймактарда андай эмес. Асрга чейин жүрүүнүн кыйынчылыгы жок. Күн бою жүрүүдө намаз окуу, тамактануу жана чарчаса эс алуу да эске алынган. Эгерде (учак же авто унаа каражаттар менен) ылдам жүрүп, айтылган аралыкты андан аз убакытта басып өтсө да намаздар каср окулат.

Үчүнчү бап: Аралыкты аныктоо.

Ханафий аалымдарында сахих кавл (сөздүн туурасы)  : «Сапар фарсахтар менен өлчөнбөйт» — дешкен. Хидая, 1-том, 361 бет.

Башка мазхаптар: «Ниеттеги жолдун аралыгы төрт барийд болсо, шаръий сапар болот жана анда намазды каср окууга уруксат болот» — дешет. Алардын далили:

عن سالِمٍ ونافعٍ، عن ابنِ عُمرَ رَضِيَ اللهُ عنهما: (أنَّه كان لا يَقصُرُ إلَّا في اليومِ التامِّ- قال مالك: وذلك أَربعةُ بُرُد) رواه مالك في الموطأ(2/204)

Саалим жана Наафиъ ибну Умардан (разияллоху анху) риваят кылышат: “Албетте ибну Умар толук бир күн сапар кылмайынча (жол жүрмөйүнчө) намазын каср окучу эмес. Имам Малик айтат: “Бул аралык төрт барийдге туура келет”. Имам Малик өзүнүн “Муваттаа” аттуу китебинде риваят кылган. (2/204).

Маалым болгондой, Маликий мазхабында масафаи сапар барийд менен эсепке алынат.

روي عن ابن عباس مرفوعا أخرجه الشافعي في ((الأم)) (8/493) و الدارقطني وابن أبي شيبة من طريق عبد الوهاب [ ص: 515 ] عن مجاهد عن أبيه وعطاء عن ابن عباس : أن رسول الله صلى الله عليه وسلم قال : ((يا أهلَ مَكَّةَ، لا تَقْصُروا في أقلَّ مِن أربعةِ بُرُد (9) ، وذلِك مِن مَكَّةَ إلى الطَّائفِ وعُسْفَانَ)) وإسناده ضعيف من أجل عبد الوهاب .

Ибну Аббас (разияллоху айтат) риваят кылат: “Албетте Пайгамбарыбыз (саллаллааху алайхи ва саллам):“Эй Мекке калкы! Төрт барийдден азында намазды каср кылбагыла” — деди. (Бул аралык Меккеден Тоифке чейин жана Усфанга чейин). Имам Шаафиъий риваяты (493/8).

Бул риваяттан белгилүү болгондой, шаафиъий мазхабында да төрт барийд негиз алынган. «Барийд» сөзү аралык (масафа) бирдиги болуп саналат. Бир барийд аралык төрт фарсахка, хадисте келген төрт барийд болсо он алты фарсахка туура келет. Бир фарсах 5544 метр, төрт фарсах 22176 метр болот. Төрт барийд болсо 88704 метр (88,704 км) болот.

«Барийд» сөздүктө «почта» маанисин билдирет. Мурунку убактарда  Ислам өлкөлөрүндө почта иштери жүргүзүлгөн. Шаарлар аралык почта мекемелери маалым бир аралыктарга курулган. Биринчи барийд менен экинчисинин арасы төрт фарсах, 22176 метр болгон. Ар бир почта мекемесинде – барийдде почта кызматкерлери күлүктөрүн таптап, шай болуп турушкан. Оболгу барийддин почта кызматчысы алыстан көрүнөөрү менен жолго даярданып, аттанып турушкан. Алар келип, каттарды тапшыраары менен булар ат чаптырып жол алышкан. Биринчи жана экинчи почта мекемесинин ортосундагы аралык ошол учурдун түшүнүгү менен «барийд» деп аталган.

Демек мааликий жана шаафиъий мазхаптарында “мусапырчылык” жогорку риваятка негизделип, төрт барийд – 88 км 704 метр аралыкка сапарга жөнөгөн адам мусапыр деп эсептелинет.

Ханафий мазхабында болсо масафаи сапар күн менен эсептелет, фарсах же барийд менен эсептелинбейт. Анан Имам Маликтин риваяты ибн Аббастын өзүнө мавкуф.

و هو غريب, فلا يقبل خصوصا في معارضة المشهور. (البدائع الصنائع, 475 ص)

Ошондой эле бул хадис “гарийб” хадистердин түркүмүнө кирет. Ал эми ханафийлер масафаи сапарды үч күн, үч түндүк жол менен эсептелүүсүнө далил кылган жогорку хадистер машхур хадистердин түркүмүнө кирет. Андыктан машхур хадис менен гариб хадис бир-бирине карама-каршы келип калса, албетте машхур хадиске амал кылынат. (Бадаайи санаайи, 2-том. 475-бет).

Андан сырткары имам Шаафиъий риваят кылган хадисти ал риваятта Абдулваххаб бин Мужаахид бар болгондугу үчүн заъийф деп айтылат. Анткени бул киши хадис илиминин адистеринин арасында сөзү алынбаган киши катары белгилүү. Суфяни Саврий ал кишини жалганчы деп айткан.

Ошондой эле ханафий мазхабынан башка мазхаптардын үчөөсү тең “масафаи сапарды” эки күндүк жол деп да айтышкан.

Ханафийлердин далилинде масафаи сафар фарсах менен да барийд менен да эсептелинбейт. Атактуу Бурханиддин Маргиланийдин (рахимахуллах) “Ал-Хидая” аттуу китебинин текстинде мындай деп келет:

و عن أبي حنيفة رحمه الله التقدير بالمراحل (اي ثلاث مراحل) و هو قريب من الأول و لا معتبر بالفراسخ هو الصحيح

Хасан ибн Зияд имам Абу Ханифадан (рахимахумаллох) риваят кылат: «(Масафаи сапарды) өлчөө мархала менен болот. Мына ушул сөз мурункуга жакын. Фарсахтар менен өлчөө этибарга алынбайт, туурасы ушул. (Хидая, 1-том, 361 бет).

Ал эми ошол эле китептин шархы Имам Жалалуддин Карланийдин Кифаая аттуу эмгегинде:

قوله و هو قريب من الأول اي التقدير بالمراحل قريب من التقدير بثلاثة ايام و لياليها لأن المعتاد من السير في كل يوم مرحلة واحدة خصوصا في اقصر ايام السنة كذا في المبسوط

قوله و لا معتبر بالفراسخ اراد أنه لا عبرة في تقدير المدة بالفراسخ.

قوله هو الصحيح احتراز عن قول عامة المشايخ فإنهم قدروه بالفراسخ ثم اختلفوا في ما بينهم فقيل احد و عشرون فرسخا و قيل ثمانية عشر و قيل خمسة عشر والفتوى على ثمانية عشر كذا في المحيط

“Мына ушул сөз мурункуга жакын” дегени, сапарды үч кече жана үч күндүз деп өлчөө үчүн мархала менен эсептөө туура болот. Анткени, адатта бир күндүк жол жүрүү ­ бир мархала деп эсептелет. Айрыкча жылдын эң кыска күндөрүндө. “Мабсут” китебинде ушундай делинген.

“Фарсахтар менен өлчөө этибарга алынбайт” дегени, масафаи сапардын аралыгы фарсахтар менен өлчөнбөйт дегенди билдирет.

“Туурасы ушул” дегени, көпчүлүк шайхтардын сөзүн ээрчип кетпөө үчүн эскертүү катары айтылды. Анткени алар масафаи сапарды фарсах менен өлчөшкөн, натыйжада түрдүүчө пикирлер ортого чыгып, өз-ара карама-каршы жагдайга дуушар болушкан. Маселен, булактарда 21 фарсах, дагы бирөөсүндө 18 болсо, дагы биринде 15 деп айтылган. Анан “Мухийт” аттуу китепте 18 фарсахка фатва берилген деп келет. (Кифая 1-том. 487 бет).

و كل من قدر منها اعتقد أنه مسيرة ثلاثة أيام اه‌‌‌: أي بناء على اختلاف البلدان، فكل قائل قدر ما في بلده من أقصر الأيام، أو بناء على اعتبار أقصر الأيام أو أطولها أو المعتدلة منها، و على كل فهو صريح بأن المراد بالأيام ما تقطع فيها المراحل المعتادة، فافهم. رد المختار، المجلد الثاني صفحة ٦٠٢

…Жогоруда масафаи сапарды өлчөгөндөр үч күн, үч түндүк жолдун аралыгын көңүлгө алган. Тагыраак айтканда, ар бир өлкө өз шартына карап белгилей берген. Алардын ар бири өз өлкөсүндөгү жылдын эң кыска күндөрүн этибарга алса, башкасы жылдын эң узун күндөрүн, дагы башкасы орточо күндөрүн этибарга алган. Мына ушулардын баарына карап, ток этээрине келсек, албетте үч күндөн максат, адаттагы үч мархаланы басып өткөн убакыт экендиги ачыка чыгат. Өзүң ойлоп көр эми… (Роддул мухтар, 2-том, 602-бет)

Төртүнчү бап: Мархала сөзүнүн терминдик мааниси: Эми бул маселеде эң маанилүү деп эсептелген “Мархала” сөзүн чечмелей кетели. Сөздүктө: өсүү баскычы, этап, айланыш, кезек (курулушта); фаза; баскыч, бир далай, бир кыйла деген маанилерди билдирет.

والمرحلة: هي المسافة التي يقطعها المسافر في نحو يوم بالسير المعتاد على الدابة, والجمع مراحل

Ал эми эл арасында кеңири таралган түшүнүктө, улоо минген жолоочунун бир күндө басып өткөн аралыгына айтылат. Башкача айтканда, таң аткандан баштап кечинде түнөп эс алуу үчүн токтоочу жайга (жерге) жеткенге чейинки аралык “мархала” болуп саналат. Биздин тилде мындай жайларды “кербен сарай” деп аталат.

مقدار المرحلة:

تقدر المرحلة (24) ميلا.

و عليه فمقدار المرحلة على النحو التالي:

فعند الحنفية (1855×24=44.520) كيلومتر.

و عند الشافعية والمالكية (3710×24=89.04) كيلومتر

المكاييل والموازين الشرعية. ص/ ٥٦

المؤلف: علي جمعة

Мархаланын өлчөмү: бир мархала 24 мийлге туура келет. Ошондо ханафийлердин эсеби менен бир мархала 44,520 км.ге туура келет. Себеби ханафийлерде бир мийл 1855 метрге барабар. Ал эми шаафиъийлер жана мааликийлерде бир мархала 89,04 км.ге туура келет. Себеби аларда бир мийлдин өлчөмү 3710 метрге барабар. (Макаил вал мавазин шарьия 56 бет).

Демек Имам Абу Ханифанын (рахимахуллах) “Ал-Хидаядагы” сөзүнө караганда үч мархала 44.520×3=133.56 км.ге туура келет.

Ханафийлердин усулу боюнча ибаадат жаатында Имам Абу Ханифанын айткан сөзү дайыма кубаттуу болот. Ибну Аабидийн (рахимахуллах) өзүнүн “Укуду расмул муфтий” китебинде мындай деген:

40 ـ و ها هنا ضوابط محررة *** غدت لدى أهل النهى مقررة

41 ـ في كل أبواب العبادات رجح * قول الإمام مطلقا ما لم تصح

42 ـ عنه رواية بها الغير أخذ * مثل تيمم لمن تمرا نبذ

Тунулган эрежелер бардыр мына,

Зиректердин акылына турукташкан.

Басымдуудур ибадат баптарында,

Имамдын айткандары талашпастан.

Алмайынча ал өзгөсүн риваяттан,

Курманын суусу туруп куржунунда,

Таяммумду алган сымал дааратына.

Бул ыр саптардын ток этээр мааниси: даарат, намаз, зекет, орозо жана ажылык сыяктуу бүт ибадат бөлүмүндөрүндө Абу Ханифанын сөзү кубаттуу. Ал эми Абу Ханифанын өзү кайсы бир риваятты кармануудан кайткандыгы ачык болсо, анда да (биз ал кармануудан кайткан риваятты таштап) Абу Ханифаны ээрчийбиз. Маселен, Абу Ханифа алгач курманын суусу менен даарат кылууну дурус деп билген. Бирок кийинчерээк Абу Юсуфтан болгон риваятка көрө Имам Абу Ханифа ал пикиринен кайтып, мындай учурда таяммум кылуу керектигин айткан.

Имам Абу Ханифа (рахимахуллах) масафаи сапарды мархала менен өлчөө жөнүндөгү пикиринен кайткан эмес. Андыктан масафаи сапарды мархала менен өлчөө ибадат жаатында болгондуктан анын сөзүн бекем кармануу фатва усулу боюнча шарт.

Ошондой эле ханафий мазхабында:

المتن اولى من الشرح, والشرح اولى من الفتاوى

“Матн (текст) шархтан (чечмелөө, комментарийден) абзел. Ал эми шарх болсо фатвадан абзел” — деген эреже бар.

Андыктан, ханафий мазхабында этибарга алынган фикхий китептеринин ана башында турган “Ал-Хидаянын” матнындагы (текстиндеги) Имам Абу Ханифанын негиздемеси масафаи сапар жөнүндө берилген комментарийлердин (шарх) баарынан кубаттуу болуп саналат.

عن مالك, بلغه أن ابن عباس يقصر الصلوة في مثل ما يكون بين مكة والطائف (و هو من أحد طريقه ثلاث مراحل) و في مثل بين مكة و عسفان (بضم العين و هما مرحلتان) و في مثل ما بين مكة و جدة (بضم الجيم و تشديد الدال و هو بلد على ساحل البحر على مرحلتين شاقنين من مكة) و قال مالك و ذلك (أي أقل ما بين ما ذكر) أربعة برد. رواه في الموطأ

Имам Мааликтен (рахимахуллох) риваят:“Ага жеткен кабарга караганда, албетте Ибну Аббас (разияллоху анху) Мекке менен Тоифтин ортосундай аралыкта (үч мархала) намазды каср кылып окучу. Ошондой эле Мекке менен Усфандын ортосундай аралыкта (эки мархала) да жана Мекке менен Жудданын ортосундай аралыкта (эки мархаладан азыраак) да намазын каср кылып окучу. Имам Малик: “Айтылган аралыктардын эң азы төрт барийд болгон”, деди. (Муватта китебинде риваят кылган). (Миркатул мафаатих 3-том, 394-395-беттер).

Мына ушул хадиске мулла Али каары «Мишкатул масаабих» аттуу китепке жазган өзүнүн «Миркатул мафаатих» китебинде жогоркудай (кашаанын ичиндеги сөздөр менен) шархтап түшүндүрмө берген. Демек, Мекке менен Тоифтин ортосундагы аралык үч мархалага тең экен. Мекке менен Тоифтин арасы бүгүнкү күндө 110 км.ге барабар. Албетте бүгүнкү учурга келип эки шаардын тең аймагы кеңейип, бир топко узаргандыгы эч кимге сыр эмес. Ал эми сахабалардын доорундагы эки шаардын (Мекке менен Тоиф) ортосундагы аралык жогорудагы үч мархаланын өлчөмү болгон 133.56 км.ден кем болбогондугу маалым. Анткени адатта шаарлардын ортосундагы аралык эсептелгенде шаардын борборунан эмес четинен баштап этибарга алынат.

Имам Абу Ханифа (рахимахуллах) масафаи сапарды үч мархала деп белгилөөдө бул хадиске амал кылууну да көз жаздымында калтырган эмес. Анан мулла Али карынын түшүндүрмөсүнө караганда Имам Маликтин өзү айтылган аралыктардын эң азы болгон Мекке менен Жудданын ортосу төрт барийд чыгуусун баса белгилеп жатат. Демек Имам Малик (рахимахуллах) бул хадисте айтылган үч аралыктын эң азы болгон төрт барийдди масафаи сапар катары өз мазхабына далил кылып карманып жатат.

Имам Абу Ханифанын масафаи сапарды мархала менен белгилөө жөнүндөгү риваяты ханафий мазхабына таандык болгон фикхий китептердин дээрлик баарында айтылган.

Мабсут, Жаамиъул кабийр, Жаамиъус сагийр, Сиярул кабийр, Сиярус сагийр, Зияаадат, Наваадир, Фатааваа жана Ваакиъаат китептериндеги маселелерди мутакоддимийн (оболку) аалымдардын далилдери менен камтыган, Имам Бурхануддийн Абул Маъаали Махмуд ибн Содруш шарият ибн Мааза Бухарийдин калемине таандык “Мухийтул Бурхааний” китебинде мындай айтылат:

و عن أبي حنيفة رحمه الله تعالى أنه اعتبر ثلاث مراحل, فعلى قياس هذه الرواية من بخارى إلى كرمنة مدة السفر؟ و كذلك إلى قرب, و به أخذ مشايخ بخارى

Риваятта Имам Абу Ханифанын (рахимахуллах) үч мархаланы этибарга алгандыгы белгилүү. Андыктан мына ушул риваяттын негизинде Бухара аалымдары Бухарадан Карманага чейинки аралыкты масафаи сапар деп карманышкан.

Ошол учурда Бухара шаары менен Кармана шаарынын арасы 120 км болгон. Себеби азыркы учурдагы аралыгы 111 км.

Аалымдардын айтуусу боюнча, Пайгамбарыбыздын (саллаллааху алайхи ва саллам) дүйнөдөн өткөнүнөн 400 жылдан кийин Бухара шаары дин боюнча бүт ааламга жарыгын чачкан муктада (дин өкүмдөрү үчүн ээрчиле турган аймак) болгон.

Жыйынтык: Ислам динибиздин салттуу деп саналган ханафий мазхабын жана маатуридий ишенимин кармануучулар катары бизге Бухара – Маваарауннахр аалымдарынын фатвалары өтө маанилүү.

Масаафаи сапар боюнча биздеги (КРдагы) аалымдардын ортосунда 90 км жана 120 км аралыктар боюнча эки түрдүү пикир бар. Ибадат жаатында сөзсүз этияттыкка көңүл буруу шарт. Маселен, 90 км туура деп кабылдадык дейли. Бардык нерсенин акыйкаты кыяматта белгилүү болот. Анан акыретте 90 км туура эмес болуп калса, сапар учурунда биздин окуган намаздарыбыз тап-такыр жокко чыгат. Ал эми 120 км.ге токтолсок, бирок кыяматта 90 км туура чыгып, 120 ката болсо деле биздин сапардагы намаздарыбыз жокко чыкпайт. Болгону ашыкча окулган эки ирекети напилге өтүп калат.

Тыянак: Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар Кеңеши жети өлчөп бир кесип, этияттыкка да маани берип, айтылган риваяттардын ортосун карманып жана Бухара аалымдарынын фатвасына таянып, Кыргызстанда “масафаи сапардын өлчөмү 120 километр” — деп фатва чыгарды.

والله أعلم بالصواب.

Колдонулган китептер:

1. Курани карим.

2. Сахих Муслим.

3. Сунан Абу Дауд.

4. Сунан Термизий.

5. Муатта Малик.

6. Сунан Даару Кутний.

7. Хидая.

8. Бадайиь ва санаийиь.

9. Кифая шархул Хидая

10. Миркатул мафаатих

11. Мухийтул бурхан

12. Укууд росмул муфтий.

13. Макаил ва мавазин шаръия.

Аалымдар Кеңешинин төрагасы Абибилла ажы Кадырбердиев

Бишкек шаары, 19-август  2020-жыл