Ысык-Көл облусунун казысы Алмазбек ажы Сагындыков: Жума намазына келген жарандарга санитардык эрежелерди сактоо талаптары эскертилип турат

Учурда бардык мечиттер дезинфекцияланып, тазалоо, ирээтке келтирүү иштери аткарылууда. Муну менен катар  жума намазына даярдык кызуу жүрүп жатат. Мындай пикирин Ысык-Көл облусунун мусулмандар казысы Алмазбек ажы Сагындыков билдирди.

“Учурда облус аймагындагы жалпы мечиттерибизде КР Саламаттык сактоо министрлигинин алгоритмине ылайык көрсөтүлгөн талаптарды жана сунуштарды аткаруу зарылдыгы туурасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп,  дезинфекциялоо, тазалоо иштери жүргүзүлүүдө”,-деди облус казысы.

Муну менен облус казысы жергиликтүү ЖМК аркылуу түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, ар бир мечиттин кире беришине антисептикалык каражаты коюлуп, жума намазына келген жарандарга санитардык эрежелерди сактоо талаптары эскертилип тураарын кошумчалады.