Убайдулла ажы Сарыбаев: Эрежелерди так сактоо менен өзүбүздүн жана өзгөлөрдүн ден соолугуна кам көрөбүз

Бүгүн, 27-августта Ош шаарынын мусулмандар казысы Убайдулла ажы Сарыбаев шаардагы жума окулуучу мечиттердин имамдарына борбордук «Имам аль-Бухарий Алай» мечитинде жыйын өткөрдү.  

Жыйында шаар казысы санитардык эрежелерди жана КМДБ тарабынан берилген талаптарды так аткаруу керектигин түшүндүрдү. 

«Жума намазына келген жарандарга эрежелерди туура түшүндүрүп айталы. Бул ар бирибиздин саламаттыгыбыз үчүн маанилүү. Ошондуктан талаптарды так сактоо менен өзүбүздүн жана өзгөлөрдүн ден-соолугуна кам көрөлү»,-деди Убайдулла ажы Сарыбаев.