Бишкек шаарындагы борбордук мечитте жума намазын окуу үчүн кызуу даярдыктар башталды

Бишкек шаарындагы борбордук мечитте жума намазын окуу үчүн кызуу даярдыктар башталды. Аралыктар сакталып намаз окулгандыктан жума күнү орундар арбын болуусу  талап кылынат. Учурда килемдер тазаланып, аралыкты сактоо боюнча атайын кызматкерлер даярдалууда. Бул тууралуу мечиттин чарбалык иштерин тейлөөчү кызматкери Кенжебек ажы Кекебаев билдирди.

«Борбордук мечит болгондуктан жарандарыбыз жума күнү арбын келишет. КР Саламаттык сактоо министрлиги жана Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгы тарабынан коюлган талаптарды так сактоо керек. Ошондуктан Бишкек шаарындагы борбордук мечитте даярдыктар талапка ылайык көрүлүүдө»,-деди  Кенжебек ажы Кекебаев.