Ош шаарында “Ден соолуктун негиздери” курстарын туруктуу окутуу боюнча маселелер талкууланды

27-28-августта Ош шаарында COVID-19 илдетин алдын алуу боюнча ден соолукту чыңдоо жана коопсуздук чараларын сактоо тууралуу Ош шаарынын жана Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын медреселеринин директорлору жана мугалимдери үчүн тренингдер өткөрүлдү.

Иш-чара Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы (КР ДИМК), Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Республикалык ден соолукту чыңдоо борбору, Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы, БУУнун калкты жайгаштыруу фондунун колдоосу менен «Мутакалим» ПКБ таратынан өткөрүлдү. 

Тренингдин жүрүшүндө КР ДИМКнын директору Зайырбек Эргешов, КМДБнын аппарат жетекчиси Равшан ажы Эратов, КМДБнын окуу бөлүм башчысы Акимжан ажы Эргешов сөзгө чыгышты. Тренингдин алкагында катышуучуларга медреселерде COVID-19 илдетинен сактануу эрежелери, ден соолукту чыңдоо жөнүндө маалыматтар берилип, медреселерде “Ден соолуктун негиздери” курстарын туруктуу окутуу боюнча маселелер талкууланды. Аталган курс 2017-жылдан баштап жалпы республика боюнча 40 медреседе пилоттук негизде окутулууда.

“Ден соолуктун негиздери” курсу төмөнкүлөрдөн турат: ден соолукту чыңдоо, туура тамактануу, физикалык активдүүлүк, гигена жана санитария, репродуктивдүү ден соолук, иммунопрофилактика, биринчи жардам ж.б.

Ушул эле тренинг 2020-жылдын 29-30-августта медреселердин эжекелери үчүн өткөрүлөт.