Айыл жаштарынын демилгеси менен Кара-Шаар айылынын “Арык мырза” мечитинде имамдардын бөлмөсү жана даараткана курулууда

Тоң районунун Кара-Шаар айылынын “Арык мырза” атындагы мечитинде даараткана жана имамдардын бөлмөсү курулууда. Демилгени айыл жаштары көтөрүшүп, учурда курулуш иштери бүтүү алдында турат. Бул туурасында айыл имамы Эркинбек Асанов билдирди.

“Жергиликтүү демөөрчүлөр толук чыгымын көтөрүшүп, мечитибиздин жанына заманбап шартта имамдардын бөлмөсүн жана ысык суусу менен даараткана куруп берүүнү убада кылышкан эле. Бул ниетибиз ишке ашып жатат”,- дейт айыл имамы.

Мындан сырткары айыл жаштары тарабынан мечиттин айланасын тазалоо, оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлүүдө.