Пазыл ажы Султанмуратов: Санитардык эрежелерди сактоодо мечиттер үлгү болуусу керек

Бүгүн, 28-августтан тартып Республикалык ыкчам штабдын  жана Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын чечимине ылайык Баткен облусунун аймагында  санитардык сактык чараларын сактоо менен бирге жума намаздары мечиттерде жамаат менен окула башталды.

Облустун борбордук “Нумани” атындагы мечитинде окулган жума намазына облус казысы Пазыл ажы Султанмуратов катышып, намаз башталганга чейин санитардык-сактык чаралары көрүү туурасында түшүндүрү ишин жүргүздү. 

“Мечитке келгенде “Тазалык ыймандан”-деген пайгамбарыбыздын САВ куттуу сөзүнө амал кылуу менен башкаларга тазалык, тартип, санитардык эрежелерди сактоодо үлгү боло  деди”-, Пазыл ажы Султанмуратов

Ал эми атайын түзүлгөн топ мечитке келгендерди беткап тагынуусун, дезинфекциялоочу каражаттарды колдонуу жана  аралыктын сакталуусун  талап кылып, көзөмөл жүргүзүштү. Жума намазы өз убагында башталып, намазга келгендер көпкө кармалбай тарап кетишти.

“Коопсуздукту сактоо  баарыбыз үчүн маанилүү. Мечиттерге  мындан ары эч  чектөө киргизилбөөсү үчүн биз санитардык эрежелерди так сактоого маани берүүбүз керек”,-дешти жума намазын окууга келген жарандар.