![](https://muftiyat.kg/wp-content/uploads/2020/08/77-1.jpg)
Ак-Өлөң айылынын “Жармухаммад” мечити кыш мезгилине даярдык көрүүдө. Бул туурасында айыл имамы Замирбек Супаев билдирди.
Имамдын айтымында айыл тургундарынын демөөрчүлүгү алдында учурда мечит толугу менен оңдоп-түзөөдөн өтүп, айланалары курчалып, жылуулук системасы киргизилүүдө. Муну менен катар мечитте ишембиликтер өтүп, дезинфекциялоо иштери жүргүзүлүүдө.