Талас облусундагы баш имамдар отчёт тапшырышты

Талас облусунун мусулмандар казысынын орун басары Касым ажы Сыдыков жана казыяттын иш башкармалык бөлүмүнүн башчысы Медер ажы Сагынбаев райондун баш имам хатибдеринен июль жана август айларынын  отчётторун кабыл алышты.

Отчёт тапшыруу учурунда имам хатибдер өткөн айлар ичинде аткарылган иштер боюнча маалымат беришип, нике каттоо журналынын ишке ашуусу, мечиттердин каттоосу, имамдардын билим деңгээли жана терс диний агымдардын алдын алуу жаатында маалыматтарын беришти.