Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүк күнүнө карата Азирети Муфтий Максатбек ажы Токтомушевдин куттуктоосу

Ассалааму алайкум ва рохматулоохи ва барокаатуху!
Урматтуу мекендештер, кымбаттуу бир тууган мусулман агайындар, аталар, апалар, ага-ини, эже-карындаштар!

Сиздерди Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүк күнүнө 29 жыл толушу менен ак дилимден куттуктайм!

Биздин ата мекенибиз бирөө эле. Ал Ала-Тоолуу, ак мөңгүлүү Кыргызстан. Анын бакубаттуулугу, өнүгүшү үчүн ар бир момун мусулман бир туугандар кайдыгер карап отурбашы керек. Ага ар бирибиз салымыбызды кошолу.

Кыргызстаныбыздын гүлдөп өсүшүнө ар бирибиз бар күчүбүздү жумшайлы. Азыр пандемиядан улам өлкөбүздө дагы сыноолор болуп, элибизди бир топ түйшөлттү. Биз мындай апааттан бир муштумдай түйүлүп, мусулмандын эң бийик, асыл баа жеткис сапаттарынын үлгүсүн көрсөтүп, башкаларга көмөк көрсөтөлү.

Урматтуу мекендештер, мусулман бир туугандар! Алла Таала элибизди, жерибизди ар кандай жамандыктан сактап, кыргыз элинин өсүп-өнүгүшүнө, кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн бекемделишине, өз жерибизге, элибизге жана мекенибизге бейпилчилик, бакубат жашоону Жараткан насип кылган болсун! 
Баарыңыздарга амандык, ырыскылуу жашоо каалайм! Асманыбыз ачык болуп, мекенибизде, деги эле ар бир үй-бүлөдө тынчтык болсун!

Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушев.