Кочкор районунун Чолпон айылынын имамы дайындалды

Нарын облусунун Кочкор районунун Чолпон айылынын жаңы имамы дайындалды. Бул тууралуу Кочкор районунун баш имам хатиби Жеңишбек ажы Арзымкожоев кабарлады.

Анын билдиргенине караганда, кечээ 28-август күнү Чолпон айылынын имамы болуп Жыргалбек Кулманбетов дайындалып, жалпы жамаатка тааныштырылды. Жаңы имамга чейин имамчылык кызматты аркалап келген имам ден соолугу жана үй-бүлөлүк шартына байланыштуу  өзүнүн жазган арызынын негизинде бошотулган.

«Чолпон айылындагы Чолпон мечитинин имамы алмаштырылды. Бул боюнча Кочкор райондук хатибияты тарабынан буйрук чыгарылып бекитилди. Кечээ, жума күнү, жума намазынын алдында жаңы имамды дайындап жалпы жамаатка тааныштырдым. Ошондой эле жума намазга келген тургундарга учурдагы кырдаалга байланыштуу мечитте намаз окуунун эрежелерин так сактоо боюнча түшүндүрмө бердим«,- деди баш имам хатиб