Каракол шаардык хатибияты “Бүткүл дүйнөлүк жаштар ассамблеясы” менен биргеликте 150 үй-бүлөгө азык-түлүк таратты

Каракол шаардык хатибияты “Бүткүл дүйнөлүк жаштар ассамблеясы” менен  биргеликте муктаж 150 үй-бүлөгө 2 000 сомдун азык-түлүк таратты.

«Кайрымдуулук саамалыгын Каракол шаардык хатибияты менен бирге ар дайым уюштуруп келебиз. Бүгүн дагы жардамга муктаж үй-бүлөлөргө, жалгыз бой энелердин кубанычтарына себепкер болуп, колубуздан келишинче кайрымдуулук кылып, соопко шерик болууну чечтик»,- дейт демөөрчүлүк топ.

Ал эми  Каракол шаарынын баш имам хатиби Талант ажы Сабриков кайрымдуулук кылууну адат кылып, муктаждардын дагы жүрөгүнө кубаныч тартуулоо соопту амалдардан экендигин баса белгиледи.