Орусияда эмгектенип жаткан мекендештер Сары-Бээ айылынын тургуну Нияз Осекеевге эки бөлмөлүү үй салып беришти

Орусияда эмгектенип жаткан мекендештер Майлуу-Суу шаарынын Сары-Бээ айыл аймагында жашаган Нияз Осекеевге эки бөлмөлүү үй салып беришти. Нияз Осекеевдин жубайы майып болгондуктан улам, тапканын дары-дармекке жумшап турган.

«Элибизден айланса болот. Нияз Осекеевдин үй-бүлөсү муктаж болгондуктан улам Орусияда эмгектенген мекендештерибиз ак өргөлүү кылышты. Нияз агабыз өмүр бою элдин кызматын аркалап келген инсан»,-деди Майлуу-Суу шаарынын баш имам хатиби Абсатар ажы Эркинбеков

Ал эми айыл жаштары Нияз Осекеевдин үйүн кышка толугу менен даярдап, отун менен камсыз кылуу милдетин алышкан.