Ош шаардык мэриясы тарабынан КИУнун Ош колледжи жана «Умму Мухаммад» медресесинин мүдүрлөрүнө ыраазычылык баракча тапшырылды

Кечээ, 31-август күнү Ош шаарында Эгемендүүлүктүн 29 жылдыгы онлайн форматта белгиленип,  ага Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов, Өкмөттүн Ош облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Байыш Юсупов, Жогорку Кеңештин депутаты Айнура Алтыбаева, шаардык кеңештин төрагасы Жапарбек Ормонов, дарыгерлер, укук коргоо органдарынын кызматкерлери, ишкерлер жана маданият  кызматкерлери катышты. 

Шаар башчысы КИУнун Ош колледжи жана Умму Мухаммад медресесинин имараттарын ооруган бейтаптарды кароо үчүн убактылуу тапшыргандыгы жана дарыгер үчүн колдон келген жардамын көрсөткөндүгү үчүн медресе мүдүрлөрүнө Ош шаардык мэриясынын ыраазычылык баракчасын тапшырды.

Ошону менен бирге шаар башчысы март айынан бери уйку көрбөй эмгектенип жаткан жалпы дарыгерлерге, милиция кызматкерлерине, өзгөчө кырдаал министрлигинин Ош шаарындагы башкармалыгына, аскерлерге, ыктыярчыларга, кыйын күндө колдоо көрсөткөн ишкерлерге, меценаттарга, тазалык, транспорт, билим берүү тармагындагы кызматкерлерге, массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрүнө, башка тийиштүү мекеме-уюмдардын, ошондой эле шаарыбыздагы жеке менчик медициналык клиникалардын башчыларына жана жамааттарына, жалпы колдоо көрсөткөн жеке тараптарга Ош шаарынын тургундарынын жана жеке өзүнүн атынан терең ыраазычылык билдирип, Ош шаарынын мэриясынын “Ыраазычылык каттарын” тапшырды.