Ош шаарында имамдын демилгеси менен 100 муктаж үй-бүлөгө азык-түлүк таратылды

 Ош шаардык мусулмандар казыятына караштуу «Бадр» мечитинин имам хатиби Акимбай уулу Аскарали ажынын демилгеси менен  Амир-Темир муниципалдык аймактык башкармалыгындагы (МАБ) 100 муктаж үй-бүлөгө азык-түлүк таратты.

Демилгени уккан эл колдоо көрсөтүшүп, муктаждардын маанайына майрамдык маанай тартуулоону чечишкен.