Замир кары Ракиев: Билимдүүгө дүйнө жарык

1-сентябрь күнү өлкөбүздөгү бардык билим уялары эшигин ачып, салтанаттуу майрам катары белгиленип келе жатат. Баланы окутууга ата-эне бардык аракетти көрүп, шартын дагы түзүп берүүсү зарыл.  «Билимдүүгө дүйнө жарык»-деп кадырман аталарыбыз бекеринен айтышпаса керек. Биздин динибиздин да эң алгачкы буйругу «Оку!» деп башталат. Андыктан билим алуу эң негизги биздин маселебиз болуп турат. Келечек жаштарыбызды билимдүү, мээнеткечтикке жана дилгирликке тарбиялап, жалпы келечекке кам көрүү ар бирибиздин милдетибиз болуп эсептелет. Ким түбөлүгүн ойлосо анда баласын билим менен тарбиялайт.  Андыктан ар бирибиз келечек муундун билимдүү болуусу үчүн бардык аракетин көрөлү. Ыймандуу коом түзгүбүз келсе, балдарыбызга мыкты тарбияны берели.