Ак-Талаа районунун хатибияты пандемия учурунда (COVID-19) менен күрөшүүдө жигердүү салым кошкону үчүн сыйланды

Нарын облусунун Ак-Талаа районунда Эгемендүүлүк күнүнө карата өткөрүлгөн салтанаттуу иш-чарада Ак-Талаа районунун хатибиятынын жамаатына жергиликтүү  администрация тарабынан ыраазычылык кат берилди.
Бул туурасында райондун баш имам хатиби Акылбек Эсеналиев  билдирди.

Анын билдиргенине караганда хатибияттын эмгек жамаатына пандемия учурунда (COVID-19) менен күрөшүүдө жигердүү салым кошуп, мечиттин жанындагы окуу жайды күндүзгү обсервацияга берип, элдин ден соолугуна кам көргөндүгү жана уюштуруу иштерине жакындан жардам   бергендиги үчүн Ак-Талаа районунун мамлекеттик администрациясы тарабынан ыраазычылык каты  жана кол саат ыйгарышкан.

«Биздин хатибият жергиликтүү бийлик менен тыгыз иш алып барып келебиз. Кыргызстандын аймагында коронавирус илдети катталагып, өлкө аймагына өзгөчө абал киргизилгенден тартып бир катар иштерди алып бардык. Өзгөчө оору күчөп, пандемия күч алган убакта биздин мечиттин окуу корпусун күндүзгү стационар катары пайдаланууга бердик. Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү дагы биздин кылган иштерибизге карата ыраазычылыгын билдирди. Эгемендүүлүк күнүнө карата уюштурулган иш-чаранын башталышында Куран окулуп, элдин саламаттыгы, мамлекеттин тынччылыгы жана ушул кырдаалдан жеңил чыгып кетүү үчүн жалпыга дуба кылынды»,- деди баш имам хатиб.