Бишкек шаарынын Кут жаңы конушундагы 155 муктаж үй-бүлөгө тамак-аш түрүндө жардам көрсөтүлдү

Бишкек шаарынын Кут жаңы конушундагы «Умму Салама» мечитинин имам хатиби Саибназар ажы Гулмуратовдун демилгеси менен конуштагы 155 муктаж үй-бүлөгө тамак-аш түрүндө жардам көрсөтүлдү. Ушундай эле жардам  жаңы конуштагы 13 ФАП  кызматкерине дагы берилди.

Кайрымдуулук иш-чарасы Бүткүл Дүйнөлүк жаштар ассамблеясынын жакындан көмөгү менен ишке ашырылган.

 «Чындыгында бул жыл жалпы журтубуз үчүн оор жыл болду. Ошондуктан биз да ортомчулук милдетин аткарып, жаштар ассамблеясы менен биргеликте колдон келген жардамыбызды берип, элдин батасын алганга аракет жасадык»,-деди Саибназар ажы Гулмуратов.