Эрназар ажы Асатов: Дин кызматкерлери саясатка аралашып, үгүт ишин жүргүзө албайт

Кечээ, 2-сентябрь күнү Бишкек шаарынын казысынын орун басары Эрназар ажы Асатов казыят кызматкерлерине жыйын өткөрүп, жыйында бир катар тапшырмаларды берди.

Анда өлкөбүздө болуп жаткан саясий абал жана ага дин кызматкерлеринин аралашпоосун көзөмөлдөө, мечит, медреселерде шайлоонун үгүт иштерин жүргүзбөөнү эскертти.

Бул жаатта айрыкча ордо калааны катуу көзөмөлгө алып, дин кызматкерлери жана диний мекемелер жарандардын диний муктаждыктарын камсыздоо үчүн кызмат кылаарын айтты. 

«Дин кызматкерлери саясатка аралашып, үгүт ишин жүргүзө албайт. Бул тууралуу Муфтияттын атайын так буйругу бар. Ошондуктан биз өз милдетибизди так аткаралы. Элибиздин, жерибиздин ынтымагын, бекемдигин жана саламаттыгын сурап Жараткандан дуа кылалы. Шайлоодо жарандык милдетибизди аткарып, эң негизгиси үгүт иштерине аралашпайлы»- деди Эрназар ажы Асатов.