Ырыс айыл округунун “Масадан” мечитинде эрте никеге туруу боюнча чакан жыйын болду

1-сентябрда Жалал-Абад облусунун Cузак  районуна  караштуу  Ырыс  айыл  округундагы  “Масадан”  жума  мечитинин имамы Хусанбай Эгембердиев аймактык милиция бөлүмүнүн кызматкерлери менен биргеликте жашы он сегизге толо элек кыздарды  эрте  турмушка  берүүнүн кесепети, кооптулугу тууралуу жыйын болду.  

Жыйында милиция  кызматкерлери элге  мыйзам боюнча эрте нике курууда кандай чара көрөлөөрүн айтып берсе, ал эми мечиттин имамы шарият боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.

“Мына биз акыркы жылдары бири-бирибизге эриш-аркак болуп иш алып баруудабыз.  Шарият тарабын биз жеткирип, мыйзам тарабынан орган кызматкерлери түшүндүрүп, чогуу жыйындарды уюштуруп келе жатабыз. Калк дагы бул маселени колдоого алып, эрте никенин кесепети жакшылыка алып барбай турганын билдиришүүдө”,-деди Хусанбай ажы.