Кемин районунун баш имам хатиби Куттубек ажы Дүйшөбаев пандемия учурунда элге кызмат кылган жаштарга ыраазычылык баракчаларын тапшырды

Чүй облусуна караштуу Кемин районунун баш имам хатиби Куттубек ажы Дүйшөбаев, элге талыкпай кызмат кылып, COVID 19 пандемиясы менен күрөшүүгө жардам кылган жаштар менен жолугушту.

Жолугушуу учурунда, жаштарга хатибият жана жалпы Кемин шаарынын тургундарынын атынан ыраазычылык баракчалары тапшырылып, сый тамак уюштурулду.

Өз кезегинде Кемин жаштары мындан ары да өз элине, мамлекетке талыкпастан кызмат кылууга даяр экендерин айтышты.

«Мекенди сүйүүү, ага кызмат кылуу – бул да ыймандын белгиси. Мекен, мамлекет бул Кудай Тааланын берген өтө чоң нээматы. Аны көздүн карегиндей сактоо ар бир жарандын милдети болуп саналат. Башыбызга ушундай оор учур келген учурда, болгон акылын, күчүн, убактысын элге арнап, өз ден соолуктарын тобокелге салган жаштардан Аллах ыраазы болсун. Буюрса бул эмгектин үзүрүн бул дүйнөдө да, акыретте да көрөсүңөр», — деди Куттубек ажы Дүйшөбаев.

Эске сала кетсек, коронавирус илдетине байланыштуу өлкөбүздө март айынан тарта өзгөчө абал киргизилип, ыктыярчы топтор түзүлгөн. Ар бир ыктыярчы өз колунан келишинче жаман илдет менен күрөшүүдө зор салымын кошту.