Талас облусунун Кара – Буура районунда жаңы мечит пайдаланууга берилди

Талас  обласынын Кара-Буура районуна караштуу Жоон-Дөбө айылында “Хазрети Хамза” атындагы заманбап үлгүдөгү мечиттин ачылышы болуп өттү. Мечит “Ассанаабиль” кайрымдуулук фонду тарабынан курулган.

Ачылыш аземине Жогорку Кеңештин  төрагасы  Дастан Жумагулов, Талас обласынын ыйгарым укуктуу өкүлү Марат Мураталиев,     Кара – Буура районунун акими Баратбек Сыдыкназаров,  Талас облусунун мусулмандар казысынын орун басары Касым ажы Сыдыков жана айылдын тургундары  катышышты. 

Талас облусунун кызынын орун басары Касым ажы Сыдыков өз сөзүндө жаңы заманбап ачылган мечиттин ачылышы менен жергиликтүү тургундарды куттуктап, мечит ыймандын, адеп ахлактын, ынтымактын башаты болуучу жайга айланышын айтып, элди ынтымакка жана биримдүүлүккө чакырды.