Азирети Муфтийдин орун басары Кадыр ажы Маликов Муфтияттын түзүмүндөгү дин кызматкерлерине жыйын өткөрүп, өлкөдөгү диний абал талкууланды

Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийинин орун басары Кадыр ажы Маликов Муфтияттын түзүмүндөгү дин кызматкерлерине жыйын өткөрүп, өлкөдөгү диний абал, фатва бөлүмүнүн ишмердүүлүгү, КМДБнын жыл башында кабыл алган пландары боюнча бир катар маселелер каралды.  

Азирети Муфтийдин орун басары КМДБ тарабынан коюлган пландарды аткарууда өзүнүн сунуштарын берип, электрондук система, 2020-жылдагы пландын аткарылышы, окуу тармагы, фатва бөлүмү, садака-фитирдин жыйналуусу  боюнча бөлүм башчылардын ой-пикирлерин укту.

«Бардык ишибиз биримдиктин алкагында алдыга жылат. Ар бирибиз өзүбүздүн алдыбыздагы милдеттемелерди так аткарып, эң негизгиси ынтымагыбызды бекемдейли»,-деди Кадыр ажы Маликов.