Баткен районунун баш имам хатиби имамдарга бир катар тапшырмаларды берди

Бүгүн,  3-сентябрда Баткен районунун борбордук мечитинде,  райондун баш имам хатиби Муса ажы Жолдошов Баткен районунун  айыл өкмөткө жоопту имамдары менен жолугушту.  

Жолугушуу учурунда райондогу бардык имамдар Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын, облустук казыяттын буйруктарынын алкагында иштөөнү белгилеп, тийишттүү тапшырмаларды берди.

Жыйында негизинен төмөнкү маселелер каралып, бир катар тапшырмалар берилди.

1. Муфтияттан, казыяттан, хатибияттан келген буйруктарды өз убагында аткаруу

2. Мечиттерде коопсуздук чараларын камсыз кылуу

3. Намаз убактыларына дыкат көңүл буруу

4.Мечиттин тазалыгын сактоо

5. Шайлоо байланыштуу үгүт   иштерине дин кызматкерлерин аралашпоо жана диний уюмдарды саясий максатта пайдаланбоо.

Мындан тышкары имамдардын өз ишине жоопкерчиликтүү мамиле жасап, документтеринин тактыгы, эсеп-кысап иштерине дыкат көңүл бурууга чакырды.