Азирети Муфтий 93 жаш курагында бул ааламдан өткөн Таластагы белгилүү дин аалымы молдо Сагынаалы ажы Шерматовдун үй-бүлөсүнө көңүл айтты

Талас облусундагы белгилүү дин аалымы, молдо Сагынаалы ажы Шерматовдун  93 жаш курагында бул ааламдан өткөндүгүнө байланыштуу анын үй-бүлөсүнө, жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтамын. Бул оор кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым. “Ар бир жан өлүм даамын татат…” (Куран, Аль-Анбийа, 35) . “Чындыгында, биз Аллахка таандыкпыз жана Ага кайтуучубуз” (Аль-Бакара, 156). 

Сагынаалы ажы өз учурунда көптөгөн шакирттерди тарбиялап, дин тармагына өмүрүн арнап, жаштарыбыздын ыймандуу, коомубуздун биримдиктүү болушуна салымын кошуп, Ислам дининин асыл баалуулуктарын жайылтууда бир топ эмгектерди жаратты. Өзүнүн 93 жаш курагында дагы жаштарга өзүнүн насаатын айтып, алган билимин жана тажрыйбасын келечек муунга өткөрүп кетүүгө далалат кылды. Чындыгында бир мусулмандын үй-бүлөсүндөгү аза, бүткүл мусулмандарды да кайгыга салат эмеспи. Сабыр кылыңыздар! Кайгыңарды тең бөлүшөбүз. Молдо Сагынаалы ажыны Жараткан  Алла Таала Өз ырайымына алып, Жаннаттын төрүнөн орун насип кылуусун Алла Тааладан  тилеймин.

Терең кайгыруу менен көңүл айткан,

Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи  Максатбек ажы Токтомушев