Ош шаарындагы мечиттер жума намазына даярдыктарды көрүүдө

Бүгүн, 4-сентябрь жума күнү Ош шаарындагы 41 жума окулуучу мечитте жума намазына карата даярдыктар көрүлүүдө. Мечит кызматкерлери жана ыктыярчы топтун жардамы менен жума намазында эреже бузууларга жол бербөөгө аракеттер башталды.

«Азыр Ош шаарындагы бардык мечиттер жума намазына даярдык көрүшүп, санитардык эрежелердин сакталуусуна көзөмөл жүргүзүшөт. Бул боюнча имамдарга шаар казысы Убайдулла ажы Сарыбаев дагы бир катар тапшырмаларды берген»,-деди казыяттын маалымат кызматы.

Айта кетсек, буга чейин мечиттерде аралыктын сакталуусу жана беткап тагынып жана жайнамаздарды ала келүү  боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн.