Нарын облусунда беш маал жана жума намаздары сактык чараларын сактоо менен өткөрүлдү 

Нарын облусундагы мечиттердин бардыгында жума намазы жана беш убак намаз учурдагы кырдаалга байланыштуу сактык чараларын сактоо менен өткөрүлүп жатат.

Республикалык ыкчам штабынын чечимине ылайык, Кыргыз Республикасынын аймагындагы мечиттерге чектөөлөр алынганына байланыштуу 8-июндан тартып Кыргызстандын аймагындагы анын ичинде Нарын облусундагы мечиттердин бардыгы санитардык сактык чараларын толук сактоо менен ачылган эле.

Мечиттердин ачылуусуна карата Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын буйруктарынын жана Нарын казыяты тарабынан берилген тапшырмалардын алкагында мечиттердин ачылуусуна карата жугушсуздандыруу иштери жүргүзүлүп, даярдыктар көрүлгөн.

Аны менен катар жума намаздарын дагы өткөрүү боюнча бир катар талаптар коюлду. Ошондой эле беш маал намазга, жума намазына келе турган жарандарга Нарын казыяты тарабынан массалык маалымат каражаттары, социалдык тармактар аркылуу мечиттерге келүү тартиби толук жеткирилип берилди.

Бүгүнкү күндө Нарын облусунун аймагында жума жана беш маал намаздарын окууда  мындан ары дагы кырдаал турукташканга чейин сактык чараларын сактоого өзгөчө көңүл бөлүү керектигин облус казысы Мамбетасан ажы Ибраев билдирип,   шаардык жана райондордогу баш имам хатибдерге тийиштүү тапшырмаларды берген.

«Кудайга шүгүрлөр болсун, ооруган жарандардын саны азайып баратат. Бирок дагы да болсо ооруган адамдар катталып жатканына байланыштуу сактык чараларын күчөтүүбүз керек. Жума наамдарына жана беш маал намаздарына келип жаткан адамдардын дене табын, бет кап кийип келүүсүн, аралыкты сактоосун жана антисептикалык каражаттарды колдонуусун көзөмөлгө алалы. Жараткан Аллах элибизди балээ кырсыктардан, оорудан сактаган болсун»,- деди облус казысы Мамбетасан Ибраев.