Жалал-Абад облусунда жума намазы санитардык эрежелерди сактоо менен окулду

Бүгүн, 4-сентябрь жума күнү Жалал-Абад облусуна караштуу аймактарда  Республикалык ыкчам штабы жана Кыргызстан Мусулмандары Дин Башкармалыгы көрсөткөн санитардык сактык чараларын сактоо менен бирге жума намаздары жамаат менен окулду.

Ар бир жума мечитте атайын жумушчу топтор түзүлүп, мечитке келген жарандарды бет кап тагынуусун эскертип, антисептик каражаттарды колдонуусун жана аралыктын сакталуусун талап кылып, көзөмөл жүргүзүп турушту. Жума намазы өз убагында башталып, намазга келген жарандар жумадан кийин узака кармалбай тарап кетишти.

Эскерте кетсек, Жалал-Абад облусуна караштуу район-шаарларда жайгашкан жума мечиттеринде дезинфекциялоо иштери тынымсыз жүрүп жатат.