Самидин кары Атабаев: Айрым аймактарыбызда жума күнүнүн урматына акысыз беткаптар таратылууда

Ош облусунун бардык райондорунда жума намазы Муфтият көрсөткөн талаптардын сакталуусу менен окулду. Мечитке келген ар бир ибидат кылуучу үчүн бардык шарттар каралган. Мечиттин киришине антисептик каражаттар коюлуп, аралыктары ар кандай түстөгү ленталар менен бөлүндү.

Ошондой эле жергиликтүү жамааттар учурдагы кырдаалды түшүнүү менен кабыл алып, жума намазы 20 минутанын ичинде  жыйынтыкталып аяктады. Айрым аймактарыбызда жума күнүнүн урматына акысыз беткаптар таратылууда.

«Жаратканга шүгүрлөр болсун мына ошентип жума намазын дагы бир ирет талаптагыдай окуй алдык. Чындыгында талаптар боюнча ар кандай ЖМК аркылуу чыгылдыруудабыз. Албетте эл-журтубуз учурдагы кырдаалды түшүнүү менен кабыл алып, санитардык нормадарды сактай алдык. Айрым аймактарыбызда жума күнүнүн урматына акысыз беткаптар таратылууда. Имамдарыбыз дагы бул жаатта колдорунан келген аракеттерди көрүшүүдө. Райондук башкы имам хатибтердин билдирүүсү боюнча аймактарда санитардык нормалар сакталды», — деди облус казысы Самидин кары Атабаев.