Бишкек шаарындагы мечиттерде Жума намазы учурунда санитардык эрежелердин сакталуусу көзөмөлгө алынды

Бүгүн, 4- сентябрда Бишкек шаарындагы мечиттерде санитардык эрежелерди көзөмөлдөө менен Жума намазы өткөрүлдү. Бул тууралуу Бишкек шаарынын казысы Замир кары Ракиев билдирди.

Анын айтымында, бардык мечиттерде санитардык эрежелерди сактоо боюнча так тапшырмалар берилген.

« Жалпы жамаат акырындык менен эрежелерди сактоо менен намаз окууга көнүп бара жатат. Ыктыярчыларды мечиттерге барып Жума күнү мечит кызматкерлерине жардам берип  кызмат кылууга чакырабыз. Негизинен мечиттердин ичиндеги абал толугу менен көзөмөлгө алынып аралыктар сакталуу менен намаздар окулду. Сырткы короолор толук көзөмөлгө алынбаган мечиттер да болду. Акырындык менен баары ордуна түшөт буюрса,» — деди Замир кары.