Чүй облусунда жума намазы сактык чараларды сактоо менен өткөрүлдү

Чүй облусунда алдыңкы жумада эскертүү алган мечиттер, бул жолкусунда катуу көзөмөл менен жума намазын өткөрүштү. Учурдагы кырдаалга байланыштуу Чүй облусундагы мечиттерде сактык чараларын сактоо менен намаздар окулууда.

Республикалык ыкчам штабынын чечимине ылайык, санитардык сактык чараларын толук сактоо менен өлкөбүздөгү мечиттердин ишмердүүлүгүнө уруксат берилген.

Ошого байланыштуу Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгы тарабынан өлкөбүздөгү мечитердин ишин жандандырууга атайын буйрук берилип, санитардык бардык сактык чаралар сакталуусун көзөмөлдөө милдетин облустук казыят, райондук хатибияттарга жүктөгөн.

Ошол буйруктардын негизинде облустагы мечиттерде беш убак намаз жана жума намаздарда атайын ыктыярчылар дайындалып, колдон келишинче талаптар аткарылууда. Ошого карабастан өткөн жума намазда кээ бир мечиттерде санитардык эрежелер бузулганына байланыштуу эскертмелер берилип, бул жолкусунда бекем көзөмөлдөө тапшырмасы берилген.

Хатибияттардан келген маалыматтарга ылайык, эскертме алган мечиттерде жума намаз талаптагыдай окулуп, одоно тартип бузуулар катталган жок. Кээ бир мечиттерде кайрымдуу жарандардын демөөрчүлүктөрү менен мечитке беткапсыз келгендерге беткаптар таратылды.

Эске сала кетсек, Чүй облусу боюнча 400гө жакын мечит ишмердүүлүгүн жүргүзүп келет.\