Азирети Муфтий КРнын Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү менен жолугушуп, аймактагы диний абал талкууланды

Бүгүн, 6-сентябрь күнү  Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушев КРнын Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдрахманов Алишер Орозбаевич менен жолугушту. Эки тараптуу жолугушууда Азирети Муфтий Баткен облусуна болгон иш сапарынын максатын айтып,  аймактагы диний кырдаал талкууланды.

Эки тараптуу жолугушууда Азирети Муфтий Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгы тарабынан аткарылган иштер тууралуу маалымат берип, облустук казыят жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен тыгыз иш алып баруусу керектигин билдирди.  

Жолугушууга Баткен облусунун мусулмандар казысы Пазыл ажы Султанмуратов жана Азирети Муфтийдин түштүк аймагы боюча кеңешчиси Махманаби ажы Арзыкулов катышты.