Азирети Муфтий Максатбек ажы Токтомушев: Элдин ынтымагы маанилүү

Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушев Баткен облусуна болгон иш сапарынын алкагында Баткен шаарындагы борбордук мечитте  жергиликтүү тургундар менен жолугушту.

Эл менен болгон жолугушууда Азирети Муфтий «Ислам дини», «ата-энени  сыйлоо», «достук» темаларында баяндама жасап, жергиликтүү тургандарды ынтымактуу болууга чакырды. 

«Ынтымагы бар элдин
   Таалайы, багы ачылат.
  Ынтымагы жок элдин
  Тапканы бекер чачылат.
   Ынтымагы бар элдин
  Дүркүрөп өсөт балдары,
  Ынтымагы жок элдин
  Сөзүнөн чыгат жалганы
   Ынтымагы бар элдин
  Адил болот улугу,
  Ынтымагы жок элдин
  Ичинен чыгат бузугу-деп Барпы атабыз бекеринен айтпаса керек.
Эгер адамдар бөлүнүп-жарылса, ынтымагы  жана биримдиги кетет.  Элдин ынтымагы кетсе терс күчтөр андан пайдаланып, бөлүп-жарууга аракет кылат. Андыктан элдин ынтымагы маанилүү» деди Азирети Муфтий.