Баткенде Азирети Муфтийдин катышуусунда «Исламда аялзатынын орду» аталышында жыйын өттү

Бүгүн, 6-сентябрда Баткен облустук мусулмандар казыяты тарабынан “Исламда аялзатынын орду” аталышында жыйын өтүп, ага Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушев катышты.

Айымдар менен болгон жыйында Азирети Муфтий аялзатынын коомдогу орду, балага берген тарбиясынын маанилүүлүгү туурасында баяндама жасады.

“Бир киши пайгамбарыбыз Мухаммедге (САВ) келип, «Эң бийик сый-урматка татыктуу ким?»,- деп сурайт. Анда пайгамбарыбыз (САВ) «Эне!» деп жооп берет.

-Андан кийинчи?

-Эне!

-Андан кийин?

-Эне!

Ал кишинин 3 жолку суроосунда тең «Эң чоң сый-урматка жана сүйүүгө эне татыктуу» деген жоопту алган. 4чү жолкусунда гана пайгамбарыбыз «Ата» деп жооп берген. Пайгамбарыбыз «Бейиш-эненин таман алдында» деп аялзатынын балдары үчүн тарткан түмөн-түйшүгүн белгилеп, аларды сыйлоого милдеттендирген. Ошондуктан Ислам дининде аялзатынын орду бийик»,-   деди Азирети Муфтий.

Иш-чарада суроо-жооп менен коштолуп, Азирети Муфтий аялзаты дагы билимди талыкпастан алып, изденүүнүн үстүндө болуусу керектигин баса белгиледи.

“Эне билимдүү болсо бала билимдүү болот. Ата-эне тарбиялуу болсо бала агы тарбиялуу болот. Тарбия үй-бүлөдөн башталат. Андыктан баланын билими, тарбиясы кайрымдуу болуп өсүүсү, боорукерлиги анын ата-энесинен көз каранды”,-деди Азирети Муфтий Максатбек ажы Токтомушев.