Ош шаарында улуттар аралык ынтымакты бекемдөө боюнча жыйын өткөрүлдү

Ош шаарында дин кызматкерлеринин катышуусунда «Чыр-чатактарды эртелеп алдын алуу жана болтурбоо тутумун колдоо» деген аталышта кеңешме өткөрүлдү.

Иш-чара Кыргызстан калкы Ассамблеясынын Ош, Жалал-Абад, Баткен облустук бөлүмдөрүнүн курамына кирген этностук коомдук бирикмелердин өкүлдөрү менен элдердин биримдигин жана этностор аралык ынтымакты чыңдоо максатында уюштурулган.

Кеңешмеде катышуучулар Кыргыз Республикасын элдеринин биримдигин жана этностор аралык мамилелерди чыңдоо, ошондой эле Кыргыз Республикасын Жогорку Кеңешинин депутаттары шайлоо процесси алдында тынчтыкты жана туруктуулукту камсыз кылуу маселелерин талкуулашты.

«Улут аралык ынтымакты бекемдөө үчүн жаштардын тарбиясына катуу көңүл буруу керек. Мындайча айтканда улуттук баалуулуктарды сактап калуубуз керек. Жаштар биздин келечегибиз. Ата үйүндө өз аталык милдетин так аткарып, балдарын туура жолдо жүрүүсүн көзөмөлдөөсү керек. Баланы жашынан деп бекеринен айтылган эмес. Анткени жаш бутак тез ийилет. Биз аларды адамгерчиликтүү болууга тарбиялообуз керек» — деди Ош шаарынын мусулмандар казысы Убайдулла ажы Сарыбаев.

Бул иш-чара Кыргыз Республикасын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиги (ЖӨБЭММА) ЕККУнун Бишкектеги программалык кеңсеси менен биргеликте өткөрүлгөн.