Ош шаарынын мусулмандар казысы Убайдулла ажы Сарыбаев жоокерлерге «Суициддин алдын алуу» деген темада баяндамасын жасады

Бүгүн, 7-сентябрь күнү Ош шаарынын мусулмандар казысы Убайдулла ажы Сарыбаев Ош шаарындагы №2024 аскер бөлүгүндө кызмат өтөгөн чек ара кызматкерлерине «Суициддин алдын алуу» деген темада баяндамасын жасады.

«Эгер адам баласы үй-бүлө баалуулуктарын жакшы билсе, эч качан суицидге барбайт. Силер өзүнөрдү гана эмес өзгөлөргө да кам көрүүнү үйрөнүшүңөр керек. Анткени силер бар болгондуктан, чек ара бекем, биз тынч уйкудабыз. Силердин мекен үчүн кылган ак кызматыңар сооп амал болуп саналат», — деди Убайдулла ажы Сарыбаев

Айта кетсек, лекциянын алкагында жоокерлер шарият боюнча өздөрүнүн кызыктырган суроолорун беришип, жооп алышты.