Перзентке ат коюу адеби

Кээ бир учурларда ата-эне балага ат коюда аң-таң болуп калышат. Ата-энелер балага ысым берүүдө сөздүктөрдөн, кээ бири батыш же чыгыш аттарынан издесе кээ бири жат ысымдардан, кээ бири интернет айдыңынан тандашат. Батыштын атактуу актёр же актриса, ырчылардын ысымдарын койгондор да жок эмес. Биздин динибизде, маданиятыбызда жана тарыхыбызда өзүбүзгө жетээрлик ысымдар бар.

Ата-эне балага ат коюда Алла Тааланын каарына калтырбай, соопко ээ боло турган ысымдарды берүүсү керек.

Эң жакшы ысымдар бул Мухаммад пайгамбарыбыздын САВ куттуу хадистеринде “Аллага эң сүйкүмдүү ысымдар бул – Абдулла жана Абдурахман”-деп айтылган аттар.  Пайгамбарыбыздын уул-кыздарына койгон ысымдары, пайгамбарлардын, сахабалардын, сахабалардын балдарынын аттары. Куранда эскертилген момун аялдардын аттары, ошондой эле кыргыз тилинде жакшы маанини туюнткан Бакыт, Сүйүнбек, Тынчтыкбек, Айсулуу аттуу аттар бар.

Ал эми Абдулузза, (Уззанын кулу. Узза бул  Меккеде мушриктер сыйынган таш-буркан) Абдуннабий (пайгамардын кулу), Абдулмасих (Иса пайгамбарын кулу) жана ушу сыяктуу аттарды коюга болбойт. Ошондой эле жаман маанини туюнткан аттарды жана биздин маданиятыбызга жана динибизге туура келбеген Майкл, Джордж жана ушул сыяктуу ысымдарды койгон туура эмес.

Мухаммад пайгамбарыбыздын САВ ат коюу боюнча айткан хадистери.

Абу Дардадан риваят кылынат Алланын элчиси ага Алланын саламы жана салаваты болсун: “Чындыгында силер кыямат күнү өз атыңар жана атаңардын аты менен чакырыласыңар. Ошондуктан жакшы ат койгула”-деп айткан. (Ахмад, Абу Дауд)

Анастан риваят Алланын элчиси: Бүгүн түнү мен перзенттүү болдум анын ысмын атамдын атындай Ибрахим деп койдум ага Алланын саламы жана салаваты болсун”-деп айткан.  

(Бухари, Муслим)

Пайгамбарыбыз (ага Алланын саламы жана салаваты болсун) жаман  маанидеги аттарды гана өзгөрткөн. Ибн Умар риваят кылган хадисте Пайгамбарыбыз САВ  عاصية  Асия күнөөкөр дегенди Жамиила (Сулуу) дегенге өзгөрткөн. (Муслим)

Зайнаб Алла андан ыраазы болсун, анын аты Барра болгон. Пайгамбарыбыз САВ анын атын Зайнабка алмаштырган. Ошондуктан жакшы маанини туюнткан кыргызча ат өзгөртүлбөстөн калышы керек. Себеби, эл ал адамды мурунку аты менен тааныйт.

Жар Мухаммад, Нур Мухаммад аттуу эки ысым кошулган аттарды койсо да болот. Ошондой эле жакшылыкты үмүт кылып Нуруддин, Жамалуддин, Зайнуддин сыяктуу ысымдарды койсо дагы болот. Көпчүлүк аалымдардын пикиринде Жебреил, Микаил атту периштелердин атын койгонго уруксат. Ошондуктан балдарыбызга жакшы аттарды коюу биздин милдет.

Даярдаган: КМДБнын фатва бөлүмүнүн адиси Бактияр ажы Токтогазы уулу