Бишкек шаарындагы имамдар мечиттерди каттоодон өткөрүүдө биргелешип иш алып барууда

Бүгүн, 7-сентябрь күнү Бишкек шаарынын казысынын орун басары Эрназар ажы Асатов шаардагы каттоодон өтө элек мечиттердин имамдары менен жолугушуп, анда дин кызматкерлеринин бири-бирине биргелешип иш алып барууга чакырды.

Жолугушууда ар кайсы мечит ар кандай деңгээлде документтерин иретке келтирип, бүтүрүп жатканын белгилеп, бул жаатта биргеликте иш алып барууга үндөдү.      

«Имамдар документ иштеринде бири-бирине көмөктөшүп, иш алып баруусу керек. Кайсы документ кайсы жерден бүтүшүн билдирсе ишибиз алга жылат. Ошондуктан жардам колубузду сунуп, бири-бирибизге көмөк көрсөтөлү. Мына бир мечитибиз өткөн апта эсептик каттоодон өттү. Ар бирибиз аракетибизди кылалы», -деди Эрназар ажы.