Ош шаарында имамга жергиликтүү демөөрчү тарабынан авто унаа белеке берилди

Бүгүн, 7-сентябрь күнү Ош шаарынын мусулмандар казысы Убайдулла ажы Сарыбаевдин демилгеси менен калаадагы «Хувайда» мечитинин баш имамы Бахрам кары Абдуллажановго жергиликтүү демөөрчү тарабынан «Матиз» үлгүсүндөгү авто унаа белек катары тапшырылды.

Мындай унаа Бахрам карынын дин үчүн көп жылдан бери үзүрлүү эмгектенип, бир катар шакирттерди тарбиялап келгендиктен берилди.

Айта кетсек, Бахрам кары Абдуллажанов Куранды толук жаттаган (Хафиз) жана хадис менен тафсир илимин 11 жыл окуган. Учурда «Хувайда» мечитинин баш имамы, «Хувайда» Куран окуу борборунун мүдүрү жана «Сулайман-Тоо» мечитинде наиб имам кызматында иштеп, мечит жамаатынын кыраатын оңдоп, Куран окууну үйрөтүп келүүдө.