Ош шаарынын казысы Убайдулла ажы Сарыбаев бул жолу № 2065 аскер бөлүгүндөгү жоокерлерге өз баяндамасын жасады

Бүгүн, 8-сентябрь күнү Ош шаарынын мусулмандар казысы Убайдулла ажы Сарыбаев калаадагы № 2065 аскер бөлүгүндө «Суициддин алдын алуу» деген темада өз баяндамасын жасады. 

Анда жоокерлерге мекенге болгон кызмат кылуу ыйык милдет экенин баса белгилеп, жаштарды адеп-ахлакка, адептүү болууга чакырды.

«Кызматты аткарууда Алладан коркуп, аманатка кыянаттык кылбай ихлас менен өтөсөңүздөр. Анткени сиздердин кызматыңыздар сооптуу амалдардан бири болот. Чек арада тынчтык болгондуктан,  ибадат кылууга мүмкүнчүлүк бар, жакшылык иштерди аткарууга шарт дагы бар», — деди Убайдулла ажы Сарыбаев.

Лекциянын аягында жоокерлер өздөрүнүн кызыктырган шарият боюнча суроолоруна жооп ала алышты.