Орто-Кайырма айылындагы мүрзөгө бара турган жол оңдолду


Чүй облусуна караштуу Панфилов районунун Орто-Кайырма айылындагы мүрзөгө бара турган жол түздөлүп, 46 унаа шагыл төшөлдү. Бул тууралуу Панфилов районунун баш имам хатиби Жумабек ажы Дуванаев билдирди.

Анын айтымында, аталган айылдын имамы Сагынбек Кудайбергеновдун демилгеси менен көрүстөнгө бара турган жол оңдолуп, ага сарпталган каражатты Орто-Кайырма жана Эркин-Сай айылынын тургундары беришип, жолду түздөөдө кол кабыш кылышты.

«Канчалык өмүр сүрбөйлү бара турган жерибиз жалпыбыздыкы бир эле. Кандай кызмат кылбайлы, кандай байлык-бийликке ээ болбойлу, ичээр суубуз бүткөндө 2 метр жердин кучагына барабыз. Мүрзөнү зыярат кылып, маркумдарды эстеп Куран окуп туруу да ибадат. Ушул жолду түздөөдө салым кошкондорго Кудай Таалам алардын кабырларын жарык кылсын», — деп Джумабек ажы Дуванаев.

Жалпысынан жергиликтүү тургундардан 23 миңден ашуун каражат топтолуп, узундугу 1,2 чакырым жол түздөлдү.