Кара — Буура районунда 11 үй-бүлөгө жардам көрсөтүлдү

Талас облусуна караштуу Кара – Буура районунун Чоң Кара – Буура  айылынын тургуну тарабынан 20000 сомдук азык-түлүк  таратылды. Бул тууралуу Кара – Буура районунун баш имам хатиби Ислам ажы Куматаев билдирди.

Анын айтымында, Чоң  Кара – Буура айылынын тургуну Бердияров  Руслан жана анын үй – бүлөсү тарабынан  11 үй – бүлөгө  жардам көрсөтүлдү.

Анда ар бир үй-бүлөгө 1 кап ун, 5 кг кум шекер,  5 кг макарон, 5 литр өсүмдүк майы, 5 кг күрүч жана чай жалпы 11 үй-бүлөгө 20 000 сомдук каражатты түздү.

«Руслан бир тууганыбыздын үй – бүлөсүнө Алла Тааладан ынтымак, биримдик, ден соолук, узун өмүр тилеп кылган кайыр садакасы ылайым кабыл болсун. Кыргызстаныбызда ушундай эл жерибизге күйгөн, мекеним деген чыныгы патриот жигиттер көп болсун. Мекенибизде тынчтык, элибизде ыйман, жерибизде береке болсун«,-деди Ислам ажы Куматаев.