Жалал-Абад шаарынын имамдарына шайлоого карата үгүт иштерине аралашпоосу эскертилди

Бүгүн, 9-сентябрь күнү Жалал-Абад облустук мусулмандар казысы Абдулазиз кары Закиров, Жалал-Абад шаарынын баш имам хатиби Ордобек ажы Оморбеков жана казыят кызматкерлери менен биргеликте калаадагы жума намазы окулган мечиттердин имамдарына жыйын өткөрүштү.

Мындай жыйын пандемия маалынан бери мечиттердин ишмердүүлүгүн жүргүзүүдө чектөөлөр алынып салынгандан бери алгачы кирет өткөрүлүүдө.

Жыйын башталаардын алдында коронавирусдан каза тапкан маркумдарга багышталып Куран окулуп, дуба кылынды. Күн тартибинде айрыкча дин кызматкерлеринин шайлоого карата үгүт иштерине аралашпоосу, нике журналын  колдонуу, жума намаздарында санитардык сактык эрежелеринин так сактоо баса белгиленди. 

Дин кызматкерлери мечиттерде жана диний мекемелерде үгүт-насаат иштерин жүргүзүүгө тыюу салынат. Имамдар мамлекеттин атуулу катары жарандык милдетин аткарып шайлоого барып, өзү каалаган партияга добуш берсе болот. Бирок, саясий топтордун куралына айланып, үгүт иштерин жүргүзбөшү керек»,-деди облус казысы Абдулазиз кары Закиров.