БТКнын төрагасы Жунус ажы Саранов Ош шаарындагы мечиттердин эсеп кагаз иштерин текшерди

Кечээ, 9-сентябрь күнү КМДБнын Борбордук текшерүү комиссиясынын төрагасы Жунус ажы Саранов Ош шаардык мусулмандар казыятынын бухгалтери Билал ажы Надыров менен биргеликте калаадагы мечиттерди кыдырып, дин кызматкерлеринин кагаз иштерин тескөөгө алды. 

«Мечитте эмгеги сиңген адам катары мутавалини (бухгалтер) айтууга болот. Анткени имам эл менен иштеген адам болгондуктан, бир жерде турбайт. Ал эми мечиттеги көпчүлүк иштерди мутавали жүргүзөт. Мутавали болуу чоң сыймык жана сооптуу амал»,- деди Жунус ажы Саранов.

Эң акыркылардан текшерүү иштери «Имам аль-Бухарий Алай» мечитинде жүргүзүлүп, жыйынтыгында Ош шаарындагы мечиттердин эсеп кагаз иштери бардык талапка жооп бере турганы белгиленип, «жакшы» деген баага татыды.