Араванда 2 кабаттан турган хатибият курулууда

Ош облусуна караштуу Араван районунун борбордук мечитинин бет маңдайында жаңы диний имарат (хатибият) курулууда. Курулуш иштеринин жүрүшү менен облус казысы Самидин кары Атабаев казыят кызматкерлери жана райондун башкы имам хатибтери менен биргеликте кабар алды.

Хатибият 2 кабаттан 6 бөлмөдөн турат. Ошондой эле 1 чоң жер төөлөөсү да бар.

Демилге Араван районунун баш имам хатиби Алибек ажы Жусупов тарабынан көтөрүлүп, бүгүнкү күндө курулуш иштери кызуу жүрүүдө.

 «Буга чейин Араван районунда хатибияттын расмий имараты жок болчу. Ар кандай ижарага берүүчү имараттарда иштерин жүргүзүп келишчү. Эми болсо 2 кабаттан турган диний имарат курулуп, аягына чыгып калды. Диний мекеме баарыбызга кут болсун», — деди облус казысы Самидин кары Атабаев.

Имаратка кеткен чыгымды жеке кайрымдуу инсандар салым кошкон.

«Биздин райондо алгачкы жолу диний идара курулуп  жатат. Муну куруу оңойго турган жок. Колунда бар берешен инсандардын колдоосу менен имаратты тургузуп, бүтүрүүгө камынып жатабыз.  Жараткан Алла Таалам бардык жактан салым кошкон жарандарды соопсуз калтырбасын», — деди Алибек ажы Жусупов.