Аксы районунун баш имам хатиби Мырзабек ажы “Кербен” чек ара заставасынын жоокерлерине кезектеги баяндамасын жасады

Жалал-Абад облусуна караштуу Аксы районунун баш имам хатиби Мырзабек ажы Абдыкалыков Кербен шаарындагы «Кербен» чек ара заставасында кызмат өтөгөн жоокерлер менен жолугушту. 

Жоокерлер менен болгон жолугушууда суицид, анын кесепеттери жана мекенди сүйүү, ата-мекенге чын дил менен кызмат кылуу ар бир эр жигиттин милдети экенин баса белгиледи.

“Мекенге кызмат кылуу эр жигит үчүн милдет жана сыймык. Пайгамбарыбыз (с.в.а.): “Эки көз дозок отуна күйбөйт, Алладан коркуп ыйлаган көз жана мекен үчүн күзөттө турган көз”. Андыктан мекенибиздин бардык чек араларында турган жоокерлерге кайраттуулук, күжүрмөндүк каалайм”,- деди баш имам хатиб.