Чүй облусунун казыяты мээ шишигинен жабыркаган бейтапка 83 000 сомдук жардам көрсөттү

Чүй облусуна караштуу Аламүдүн районунун Кызыл-Бирлик айылынын тургуну, учурда 3 баланы жалгыз тарбиялап жаткан Жылдыз Отунчиева мээ шишигинен жабыркап, учурда тез аранын ичинде чет өлкөдөн операция кылдырууга муктаж болуп турат.

Операция кылуу үчүн ири суммадагы каражат талап кылынгандыгына байланыштуу, Чүй казыятына кайрылган.
Мекендешибизге жардам көрсөтүү үчүн Чүй облусунун мусулмандар казыяты кайдыгер карап турбастан, демилге көтөрүп, облустагы баш имам хатибтерге кайрылуу жолдоп, жардам көрсөтүүнү суранган.

Көп түкүрсө көл болот демекчи, облусубуздагы кайрымдуу жарандардын жардамы менен 83 000 сом топтолуп, аны Чүй казысынын орун басары Жоомарт ажы Абдырахманов бейтаптын үйүнө барып, өз колу менен тапшырды.

«Биз бардыгыбыз бир эл, бир үммөтпүз. Муктаждарга жардам берүү – Жараткан Кудай Тааланын алдында өтө соопту амал. Эжекебиз тез аранын ичинде сакайып, балдарынын урмат-сыйын көрсүн. Жардам колун сунуп, колунан келишинче жардам көрсөткөн имам хатибтерге, жалпы журтчулукка ыраазычылык билдиребиз. Жараткан бардыгыбызга ден соолук насип этсин. Ал эми Жылдыз эжебиз ыраазычылыгын билдирип, өз батысын берди», — деди Жоомарт ажы Абдырахманов.